Асад режими кеминде 14 000 адамды кыйноо менен өлтүрдү

Сирия Адам Укутары Желеси  жарандарга карата мыйзам бузууларды документтештирген отчетту жарыялады.

1665197
Асад режими кеминде 14 000 адамды кыйноо менен өлтүрдү

Башар Асад режими Сирияда 11 – жылына кирген жарандык согушта эң аз 14 000 адамды кыйноо менен өлтүрдү.

Жарандарга карата мыйзам бузууларды документтештирген Сирия Адам Укутары Желеси  «26 -  Июнь Кыйноого дуушар болгондор менен эл аралык тилектештик күнүнөн» улам кыйноодон улам каза болгондор тууралуу даярдаган отчетту жарыялады.

Отчетко караганда Сирияда элдик көтөрүлүш башталган 2011 -  жылдын март айынан бери Асад режими 14 338 кишини кыйнап өлтүргөн. Алардын ичинен 173 бала, 74тү алдар болгон.

Асад режими күчтөрүнүн жарандык согушта кеминде 1, 2 миллион сириялыкты камап, түрдүү кыйноолор менен кыйнагандыгы белгилеген отчетто булардын бир бөлүгүнүн азыр да камакта туткун экендиги билдирилди.

Сирия Адам Укутары Желеси  режим зындандарында кармалган кишилердин күбөлүктөрү белгилүү болгон кеминде 132 000 кишиден кабар алына албай жаткандыгын билдирди.

Бир тараптан отчеттон көз карандысыз түрдө сириялык оппозициячыл булактар азыркы учурда Асад режиминин камактары менен тергөө борборлорунда араларында аялдар да болгон кеминде 400 000 кишинин кармалып тургандыгын маалымдашты.

Отчетто Асад режими атайын камаган кишилерди кыйноо жолу менен өлтүргөндүгү баса белгиленип,  коопсуздук бөлүктөрүнүн кыйноо жерлерине айлангандыгы баса белгиленди.

Сирия Адам Укутары Желесинин отчетуна караганда Асад режими физикалык, психологиялык жана жыныстык зомбулуктарды камтыган 72 башка кыйноо түрүн колдонууда.

Отчеттун сунуштар бөлүгүндө Бириккен Улуттар Уюму  жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши режим тарабынан жасалган кыйноо кылмыштарына каршы кыйла олуттуу позицияда турушу керектиги баса белгиленди.

Докладда камактагылардын баарынын шартсыз бошотулушу, Асад режими жасаган кыйноо кылмышын айыптоо талап кылынды.



Тектеш кабарлар