Угур Шахин: «BioNTech варианттарга каршы натыйжалуу»
Угур Шахин компаниянын жыйынында маалымат берди.
1663520

Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясынын негиздөөчүсү профессор Угур Шахин, алар иштеп чыккан вакцинанын коронавирустун (Ковид-19) варианттарында да натыйжалуу экендигин билдирди.
Компаниянын жылдык жалпы чогулушунда BioNTech вакцинасынын вирустун варианттарына каршы натыйжалуулугуна баа берген Шахин: «Вакцинабызды учурдагы варианттарга ылайыкташтыруунун кажети жок», деди.
Шахин үчүнчү доза керектүү болгон учурунда буга даяр туруу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышкандыгын белгилеп, вакцинанын жаңы варианттардагы эффективдүүлүгүн тынымсыз талдап жатышканын маалымдады.