Канадалык мусулман жумушчу лидери сенатор болду

Канадалык мусулман жумушчулардын лидери Хасан Юсуф  премьер  - министри Жастин Трюде тарабынан сенатор болуп дайындалды.

1663255
Канадалык мусулман жумушчу лидери сенатор болду

Канадалык мусулман жумушчулардын лидери Хасан Юсуф  премьер  - министри Жастин Трюде тарабынан сенатор болуп дайындалды.

Трюде 105 орундуу сенатка өкмөттүн бош болгон 3 мүчөлүгү үчүн дайындагандыгын жарыялады.

Онтарио провинциясынын атынан Хасан Юсуфту дайындаган Трюдо билдирүүсүндө буларды белгиледи : «Хасан Юсуф Канададагы тажрыйбалуу жумушчу лидерлеринин бири жана Канаданын профсоюздук кыймылын жетектеген адам. Ал жакында Канаданын Эмгек Конгрессинин төрагасы катары экинчи мөөнөтүн аяктады. Ошондой  эле 21 мамлекетте 55 миллиондон ашуун эмгекчилердин өкүлү болгон эл аралык уюм - Америкалык Профсоюздар Конфедерациясынын мурдагы төрагасы. Юсуф эки университеттен көптөгөн лидерлик сыйлык жана ардактуу докторлукка ээ болду».

Трюде 17 -  июнда Жогорку соттун судьялыгына тарыхта биринчи жолу бир мусулманды дайындады. Судья Махмуд Жамал Канаданын конституциялык соту катары да билинген жогорку соттогу кызматын 1 -  июлдан тарта баштайт. Премьер  - министр Трюденин эки дайындоону Лондон шаарында бир мусулман үй  - бүлөнү бутага алган террордук кол салуудан кийин жасашы көңүлдөрдү бурууда.

Канаданын Онтарио шатына караштуу Лондон шаарында 6 -  июнь күнү кечинде унаасын тратуарда басып бара жаткан беш кишилик үй  - бүлөгө карай айдаган жүк ташуучу унаанын айдоочусу 74 жаштагы Талат Афзаал, 46 жаштагы уулу Салман Афзаал, Салман Афзаалдын 44 жаштагы жубайы Мадиха жана 15 жаштагы кыздары Юмна Салмандын өлүмүнө себеп болгон.

Кол салуудан оор жаракат алып кутулган үй  - бүлөнүн 9 жаштагы уулу Файез Салман ооруканада дарылануусун улантууда.



Тектеш кабарлар