БУУнун палестиналыктарга жардам чакырыгы

Стефан Дюжаррик билдирүү жасады.

1663213
БУУнун палестиналыктарга жардам чакырыгы

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам агентиги (UNRWA) Израилдин өткөн айда 11 күнгө созулган аба соккуларынан кийин палестиналыктарга гуманитардык жардам жана калыбына келтирүү үчүн 164 миллион долларлык колдоо чакырыгын салды.

БУУнун Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда: «Бүгүнкү чакырык, Чыгыш Кудс менен катар Батыш Шериа жана Газадагы палестиналык качкындарды эрте калыбына келтирүү муктаждыктарына кошумча түрдө UNRWA тарабынан 10-31-май аралыгында Газада жана Батыш Шериада ишке ашырылган чукул чара көрүүлөрдү камтууда», деди.

Акыркы кагылышуунун Газа калкы жана палестиналык качкындар үчүн кыйраткыч таасирин тийгизгендигин баса белгилеген басма сөз катчы: «Алар дуушар болгон ушул травманын таасири улана берет», - деп айтты.

Израилдин курчоодогу Газа тилкесине 10-майда баштаган чабуулдар ХАМАС менен жетишилген ок атышпоо келишимине ылайык 21-майда аяктаган.

Израилдин Газага кол салууларында 254 палестиналык, анын ичинде 66 бала жана 39 аял каза болуп 1948 адам жаракат алды, миңдеген имараттар толугу менен кыйрады же жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар