Израиль полициясы палестиналыктарга кол салды
Израиль полициясы өзгөчө Шейх Жеррах кварталында каалгасын сындырган бир үйдө тинтүү жүргүздү жана ичиндеги адамдарга да кол салды.
Израиль полициясы басып алынган Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталында үйлөрүнөн мажбурлоо менен чыгаруу коркунучу астындагы аймак тургундары менен аларды колдоо үчүн келген палестиналыктарга дагы кол салды.
Көргөн күбөлөрдүн билдиргенине караганда Израиль полициясы кварталдын тургундарынын Шейх Жеррахтагы аянттарга киришине дубинкалар менен тоскоолдук кылып, журналисттер менен колдоо көрсөтүү үчүн келгендерге карата да күч колдонуп аймактан алыстатты.
Израиль полициясы өзгөчө Шейх Жеррах кварталында каалгасын сындырган бир үйдө тинтүү жүргүздү жана ичиндеги адамдарга да кол салды.
Мыйзамсыз түрдө митингге чыккан израилдик отурукташуучулар ишемби күнү басып алынган Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталынын тургундарына жана колдоо көрсөткөн палестиналыктарга калемпир газы менен кийлигишкен.
Рамазан айы башталган 13 -апрелден бери Аль-Акса жана айланасы менен басып алынган Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталында Израиль полициясынын кол салууларынан улам олуттуу чыңалуу болууда.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.