Иранда шайлоо урналарын ташыган тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта 1 полиция кызматкери каза болуп, 11 адам жаракат алды.

1661184
Иранда шайлоо урналарын ташыган  тик учар кырсыкка учурады

Ирандын Хузестан провинциясында урналарды ташыган тик учак кырсыкка учурап,  1 полиция кызматкери каза болуп, 11 адам жаракат алды.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, урналарды ташыган тик учак Хузестан провинциясындагы Ахмад Федале  аймагындагы Дезфул айылында кырсыкка учурады.  

Окуяда урналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттендирилген полиция кызматкери каза болуп, 11 адам жаракат алды.

Ашыкча консерватор талапкер, сот тутумунун башчысы Ибрахим Рейси алгачкы расмий жыйынтыктарга караганда, 28 миллион 600 миң добуштун 17 миллион 800 миңин алып  13-президенттик шайлоодо утуп чыккан.

 



Тектеш кабарлар