Түндүк Кореянын лидери азык - түлүк боюнча эскертти

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдөгү азык  - түлүктүн «тынчсыздантуучу» абалда экендиги тууралуу эскертти.

1659122
Түндүк Кореянын лидери азык -  түлүк боюнча эскертти

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдөгү азык  - түлүктүн «тынчсыздантуучу» абалда экендиги тууралуу эскертти.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги Корея KCNAнын кабарына караганда бийликтеги Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин кечээки жыйынында сөз сүйлөгөн Ким Түндүк Кореянын «учурдагы эл аралык кырдаалды» кандай чечүү керектиги тууралуу эл аралык коомчулукту сүйлөшүүгө чакырды. Ким чакыруусунда АКШ менен Түштүк коңшусунан ачыкча сөз кылган жок.

Ковид  - 19  эпидемиясынын негизинде киргизилген чектөөлөр менен 2020 -  жылы болгон сел апааттарынын экономикага тескери таасир тийгизгендигин баса белгилеген Ким, азык  - түлүк тартышыгы тууралуу эскертти. Ким өлкөдөгү азык  - түлүктүн «тынчсыздантуучу» абалда экендигин белгилеп, жетекчилерди айыл  - чарба өндүрүшүн арттыруу тууралуу аракетке өтүүгө чакырды. Муну менен эле бирге Ким экономикалык кыйынчылыктарга карабастан  чектөөлөрдү улантышарын да билдирди.



Тектеш кабарлар