Израиль Газага абадан кол салды

Палестина саламаттык сактоо министрлиги кол салууда жаракат алгандардын болуп же болбогондугу тууралуу маалымат берген жок.

1659079
Израиль Газага абадан кол салды

Израилдин аскердик учактары Газа тилкесинде Палестина каршылык көрсөтүү күчтөрүнө  таандык эки позицияга абадан кол салды.

Израиль учактары Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышында жайгашкан Муин аймагында Палестина каршылык көрсөтүү күчтөрүнө таандык бир позицяны ракеталар менен бутага алды. Учактар өзгөчө Газанын түштүгүндөгү Зайтун кварталында Палестина каршылык көрсөтүү күчтөрүнө таандык бир позицияны да бомбалады.

Палестина саламаттык сактоо министрлиги кол салууда жаракат алгандардын болуп же болбогондугу тууралуу маалымат берген жок.

Израиль армиясынан берилген маалыматта абадан кол салуунун Газадан Израиль тарабына жиберилген өрттөнгөн балондорго жооп катары жасалгандыгы билдирилди.

Израиль армиясы 21 -  майдагы ок атышпоодон бери Газага биринчи жолу кол салды.

Израиль блокадага алган Газа тилкесинде 10 -  майда баштаган кол салуулар Хамас менен түзүлгөн ок атышпоонун негизинде 21 -  майда акырына чыккан. Израилдин Газага жасаган кол салууларында 254 палестиналык каза болгон. Алардын ичинен 66сы балдар, 39зу аялдар.



Тектеш кабарлар