Жо Байден Эрдоган менен жолугушуусуна байланыштуу маалымат берди
Жо Байден президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушуусуна байланыштуу : «Позитивдүү жана түшүмдүү жыйын өткөрдүк»,- деди.

АКШнын президенти Жо Байден президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушуусуна байланыштуу : «Позитивдүү жана түшүмдүү жыйын өткөрдүк»,- деди.
Президент Эрдоган НАТОнун лидерлер саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюселге барды жана АКШлык кесиптеши Байден менен жолугушту.
Жо Байден саммиттен кийин өткөргөн прессжыйында Эрдоган менен жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Байден : «Көпчүлүгү жекеме- жеке, позитивдүү жана түшүмдүү жыйын өткөрдүк»,- деди. Эрдоган менен жолугушуусундабир топ темада кандай алдыга жылуу керектиги тууралуу сүйлөшкөндөрүн да белгилеген Байден : «Топторубуз сүйлөшүүлөрдү улантат, Түркия менен АКШнын ортосунда чыныгы бир алдыга жылуунун болоруна ишенем»,- деди.
Тектеш кабарлар

Украинадан Ливан үчүн жолго чыккан биринчи кеме Сирияда
Украина данын ташыган биринчи жүк кемеси "Разони" Сирияга барды.