АКШдан Украинага аскердик жардам берилди

АКШ Укриана армиясына 150 миллион долларлык аскердик жардам бергендигин билдирди.

1656552
АКШдан Украинага аскердик жардам берилди

АКШ Укриана армиясына 150 миллион долларлык аскердик жардам бергендигин билдирди.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагондон берилген маалыматта : «Коргоо министрлиги USAIнын  (Украинанын коопсуздугуна көмөктүшүү демилгеси)  негизинде Украина күчтөрүнүн өлкөнүн жеринин бүтүндүгүн коргоосуна, чек араларынын коопсуздугунун түзүлүшүнө жана НАТО менен биргеликте иштөөнү өнүктүрүү үчүн билим берүү жана каражат боюнча колдоону камтыган 150 миллион долларлык жаңы бир жардам пакети берилди»,- деп билдирилди.

Маалыматта бул 150 миллион доллардын АКШ Конгрессинин 2021 каржы жылындагы коргонуу бюджетинен Украина берилиши керек болгон 250 миллион долларлык жардамдын бир бөлүгү экендиги белгиленди.  

Маалыматта жардамдын Украина армиясынын коммуникация, көзөмөлдөө жана коргонуу жөндөмдүүлүктөрүнө салым кошору белгиленип, жардам пакетинде пулеметтук атууларга каршы эрте эскертүүчү радарлары, учкучсуз аба аппараттарына каршы электрондук аскердик аппараттары, коопсуз байланыш каражаттары, санитардык-эвакуациялык материалдардын бар экендиги маалымдалды.

Министрликтин билдирүүсүндө мунун  1 -  мартта Украинага берилген 125 миллион долларлык жардамдын уландысы экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар