Г - 7лерден жакыр өлклөргө 1 миллиард доза вакцина жардам берилет
Борис Жонсон Г - 7 өлкөлөрүнүн 2020 - жылдын акырына чейин жакыр өлкөлөргө жалпы 1 миллиард доза Ковид - 19 вакцинасын багыштоону пландап жаткандыгын билдирди.
Британияын премьер - министри Борис Жонсон Г - 7 өлкөлөрүнүн 2020 - жылдын акырына чейин жакыр өлкөлөргө жалпы 1 миллиард доза Ковид - 19 вакцинасын багыштоону пландап жаткандыгын билдирди.
Британиянын премьер - министрлик кеңсесинен берилген маалыматта : «Британиянын вакцина программасынын ийгилигинин бир жыйынтыгы катары эми ашыкча дозабызды муктаж болгондор менен бөлүшө алабыз. Вакциналарды бөлүшүү менен бул эпидемияны түп тамырынан бери жок кылуу үчүн чоң кадам таштаган болобуз»,- деп белгиленди.
Билдирүүдө Жонсондун Г - 7 лидерлеринин жакыр өлкөлөргө жалпы 1 миллиард доза Ковид - 19 вакцинасынын багышталышын күтүп жаткандыгы маалымдалды.
Британиянын биринчи этапта буртмаларынан ашкан 100 миллион доза Ковид - 19 вакцинасын берери тууралуу маалымат берилди.
Г - өлкөлөрүнүн лидерлери эпидемиянын башталышынан бери биринчи жолу Уэльске караштуу Корнуолл шаарындагы Карбис булуңунда бүгүн башталган жана 13-июнга чейин созула турган саммитте жолугушууда.
Саммитте уланып жаткан эпидемия, дүйнөлүк геосаясий тобокелдиктер жана климаттын өзгөрүү сыяктуу маанилүү темалардын талкууланышы күтүлүүдө.