Индияда муссон жамгырлары 3 кабаттуу имаратты кулатты

Индияда жыл сайын муссон жамгырлары катуу болгон июнь  -  сентябрь айларында бекем болбогон имараттар кулоодо.

1655353
Индияда муссон жамгырлары 3 кабаттуу имаратты кулатты

Индияда катуу жааган муссон жамгырларынан улам Мумбай шаарында 3 кабаттуу бир имарат кулады. 11 киши каза болуп, 7 киши жаракат алды.

Мумбай полициясы берген маалыматта аймакта катуу жааган муссон жамгырларынан улам кулаган 3 кабаттуу имараттын башка бир имараттын үстүнө кулагандыгы, уранды астында калгандарды куткаруу  үчүн иштердин баштатылгандыгы белгиленди.

Аймактын тургундары да катышкан куткаруу иштеринде 11 кишинин уранды астында каза болгондугу маалымдалып, жаракат алган 7 кишинин ооруканага жеткирилгендиги билдирилди.

Жетекчилер уранды астында калган башка кишилердин да болуу ыктымалына карата издөө иштеринин улантылып жаткандыгын кабарлашты.

Индияда жыл сайын муссон жамгырлары катуу болгон июнь  -  сентябрь айларында бекем болбогон имараттар кулоодо.



Тектеш кабарлар