Башар Асад режиминин Идлиб кол салуусунда 6 жаран каза болду

Жаракат алган 13 жаран тегеректеги ооруканаларга жеткирилсе, жаракат алгандардын 3 адамдын абалынын оор экени белгиленди.

1655341
Башар Асад  режиминин Идлиб кол салуусунда 6 жаран каза болду

Сирияда Башар Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордун Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы Иблин айылына жасаган кол салууда 6 адам каза болуп, 13 адам жаракат алды.

Сириянын Жарандык коргонуусунун (Ак шлемдер) булактарынан алынган маалыматка караганда, режим күчтөрү Идлибдин түштүгүндө жайгашкан Иблин айылына кургактан кургактыкка  атуучу куралдар менен кол салышты.

Кол салууда  6 адам каза болуп, алардын бирөөсү аял. Жаракат алган 13 жаран тегеректеги ооруканаларга жеткирилсе, жаракат алгандардын 3 адамдын абалынын оор экени белгиленди.

Бир тараптан оппозициячылдарга таандык учак байкоо үйүнүн Россияга таандык экендигин билдирген аскердик учактар  эрте мененки саатарда Идлибдин түштүгүндөгү Мозара, Белюн, Фаттира жана Кеферавид айылдарына абадан кол салды.

2020 -  жылы 5 -  мартта Россиянын борбор шаары Москвада Түркия жана Россиянын ортосунда ок атышпоо макулдашуусу түзүлгөн.

Режим күчтөрү кээ кээде бузган ок атышпоо эрежелери негизинен чоң өлчөмдө сакталууда. 2017 – 2020 -  жылдар аралыгында 2 миллионго жакын жаран, Россия жана режим күчтөрүнүн кол салууларында Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө мажбур болгон.



Тектеш кабарлар