Израилдин Сирияга кол салгандыгы билдирилди
Режимдин Ел – Ихбарийе Ес Сурийе телекөрсөтүү каналы да Израилдин Ливан аба аянты багытынан Хомуска да кол салгандыгын ырастады.

Башар Асад режими Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка жана ортоңку бөлүгүндөгү Хомус облусуна кол салгандыгын билдирди.
Асад режиминин маалымат агенттиги САНАнын кабарында Дамакста катуу үндөрдүн угулгандыгын белгиленип : «Абадан коргоо системаларыбыз Израилге таандык душман буталарына каршы жооп кайтарууда»,-деп билдирилди.
Режимдин Ел – Ихбарийе Ес Сурийе телекөрсөтүү каналы да Израилдин Ливан аба аянты багытынан Хомуска да кол салгандыгын ырастады.
Израилден бул тууралуу маалымат берилген жок.
Дамаск жана Хомуста режимдин армиясынан тышкары Иран Төңкөрүш Гвардиясынын буйругундагы чет элдик террордук топторго таандык аскердик объекттер бар.
Асад режими Израилдин 17 - март жана 15 - февралда Дамаскка, 4 - февралда өлкөнүн түштүгүндөгү Кунейтра облусуна, 13 - январда Сириянын чыгышындагы Дерузорго, 7 - январда борбор шаар Дамасктын түштүгүнө, 2020 - жылдын 30 - декабрында да Дамасктын батышындагы элет Неби Хабилге абадан кол салган.