Камала Харрис гватемалалык иммигранттарды эскертти

Чет өлкөгө биринчи сапарын Гватемалага жасаган Харрис, Гватемаланын президенти Алехандро Жамматтей тарабынан Улуттук маданият сарайында кабыл алынды.

1653732
Камала Харрис гватемалалык иммигранттарды эскертти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) вице-президенти Камала Харрис өлкөгө мыйзамсыз келген гватемалалык иммигранттардын кайра кайтарыла тургандыгын билдирди.

Чет өлкөгө биринчи сапарын Гватемалага жасаган Харрис, Гватемаланын президенти Алехандро Жамматтей тарабынан Улуттук маданият сарайында кабыл алынды.

Харрис менен Жамматтей делегациялардын жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Жамматтей акыркы мезгилде күчөгөн качкындар кризисинин чоң көйгөй жаратып жаткандыгын баса белгилеп: «Чогуу иштешибизди талап кылган көп нерселер бар. Адамдар башка жактардан издебей ушул жерде жашоого мүмкүнчүлүктөрдү табышы керек»,-деди.

Ал эми Харрис бул сапарын Гватемала менен мыйзамсыз иммиграция, зордук-зомбулук жана коррупция маселелерин талкуулоо үчүн жасагандыгын билдирди.

Камала Харрис АКШга мыйзамсыз келген гватемалалык иммигранттардын артка кайтарыла тургандыгы боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар