Индияда химия заводунда жарылуу болду

Жарылууда 18 жумушчу каза болду.

1653960
Индияда химия заводунда жарылуу болду

Индиянын  Пуне шаарындагы бир химия заводунда өрт чыгып 18 жумушчу каза болду.

БиБиСинин кабарына караганда Индиянын Пуне шаарында Пирангут өнөр жай аймагында иш алып барган бир химия заводунда белгисиз себептен улам өрт чыкты.

Өрт чыккан жерге келген өрт өчүргүч топтору заводдун ичинде калган 37 жумушчуну куткаруу үчүн комплекстин дубалдарын кулатты.

Жетекчилер жумушчулардан 18нин өрттө каза болгондугун билдирди.

Жумушчулар үчүн көңүл айткан индиянын премьер  - министри Нарендра Муди каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө 2 800 доллар компенсация берилерин жарыялады.



Тектеш кабарлар