Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Кол салуу 11 жарандын өмүрүн алганын айткан Шамс, өмүрүнөн айрылгандардын арасында аялдар менен балдар да бар экендигин билдирди.

1652458
Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын Бадгис провинциясындагы бомбалуу кол салуудан арасында аялдар жана балдар да болгон 11 адам набыт болушту.

Бадгис губернатору Хусаметтин Шамс басма сөзгө берген билдирүүсүндө Аб Кемери районунуна караштуу Гендаб аймагына коюлган бомбанын жарандарды ташыган унаа аймактан өтүп бара жатканда жарылгандыгын айтты.

Кол салуу 11 жарандын өмүрүн алганын айткан Шамс, өмүрүнөн айрылгандардын арасында аялдар менен балдар да бар экендигин билдирди.

Шамс кол салуу үчүн Талибанды айыптады.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар