Ирак армиясы ПККнын пешмергеге кол салуусун айыптады

Куралдуу күчтөрдүн башкы командирлигинин катчысы Яхия Ресул жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,террордук уюм ПККнын Духокто Пешмерге күчтөрүнө карай кол салуусуна каршылык көрсөтүп, кылмышкерлер жазаланарын билдирди.

1652508
Ирак армиясы ПККнын пешмергеге кол салуусун айыптады

Ирак армиясы террордук уюм ПККнын Духокто Пешмерге күчтөрүнө карай кол салуусуна каршылык көрсөтүп, кылмышкерлер жазаланарын билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн башкы командирлигинин катчысы Яхия Ресул жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Биз Духокто ирактык эмес куралдуу топтор тарабынан пешмерге күчтөрүнүн курамындагы Ирактын аскер бөлүгүнө коркоктук менен жасалган террордук кол салууну айыптайбыз»,деген сөз айкаштарына орун берди.

Коопсуздук күчтөрүнүн кол салуу боюнча иликтөө баштагандыгын белгилеген Ресул, ирактыктардын өмүрүнө жана коопсуздугуна зыян келтиргендер жазаланарын айтты.

Ресул Ирактын Куралдуу күчтөрү өлкөнүн бардык аймагында үстөмдүк кылып, ички жана тышкы мыйзам бузууларга жол бербестигин жана «Ирак коңшуларына каршы ар кандай кол салуунун башаты болбошу керек» деген конституциялык принципти колдой тургандыгын билдирди.

Ирактын Күрт Аймактык Өкмөтүнүн (ИКАӨ)  Пешмерге министрлиги жасаган билдирүүдө, ПККнын Духоктун Амеди районунда Пешмерге күчтөрүн буктурмага алгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө кол салуунун натыйжасында 5 пешмерге каза болуп, 7 пешмерге жаракат алгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар