Алжир Түркия менен деңиз навигациясы боюнча келишимди бекитти

Келишимге ылайык эки өлкө ортосунда кемелерди куруу жана оңдоо, ошондой эле порт куруу жаатында техникалык кызматташтык жүргүзүлөт.

1651640
Алжир Түркия менен деңиз навигациясы боюнча келишимди бекитти

Алжирдин президенти Абдельмажид Теббун өз өлкөсү менен Түркиянын ортосунда жүргүнчү жана коммерциялык жүк ташууну камсыз кылган деңиз навигациясы келишимин бекитти.

Абдельмажид Теббун тарабынан 5-майда кол коюлган Президенттиктин жарлыгы кечээ расмий гезитке жарыяланып, бекитилген келишимге ылайык эки өлкө ортосунда кемелерди куруу жана оңдоо, ошондой эле порт куруу жаатында техникалык кызматташтык жүргүзүлөт.

Эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөр агымын жана соода көлөмүн көбөйтүүчү келишимге 1998-жылы 25-майда кол коюлганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин Алжир өкмөтү тарабынан бекитилген эмес.

Түркия менен Алжирдин ортосундагы соода көлөмү 3,5 - 4,2 миллиард доллар болсо, эки өлкөнүн жетекчилери бул соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү каалагандыктарын билдиришти.

Президент Теббун шаршемби күнү француз "Le Point" журналына берген маегинде, өлкөсүнүн болжол менен 5 миллиард долларлык инвестиция салган түрктөр менен мыкты алакада экендигин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар