160 миллион бала катуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда жашашат

4-июнь БУУ тарабынан 1982-жылы "Кагылышуулардын курмандыгы болгон күнөөсүз балдардын эл аралык күнү» деп жарыяланды.

1651780
160 миллион бала катуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда жашашат

Дүйнө жүзү боюнча 160 миллиондой бала катуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда жашашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Балдарды сактоо фондунун отчетторуна ылайык, 4-июнь БУУ тарабынан 1982-жылы "Кагылышуулардын курмандыгы болгон күнөөсүз балдардын эл аралык күнү» деп жарыяланды.

Бул чечим ошол кезде Израилдин кол салуусуна дуушар болгон палестиналык жана ливандык балдар үчүн кабыл алынган.

БУУнун отчеттору боюнча, акыркы 10 жылда 93 миңден ашуун бала ар кандай жаңжалдарда жаракат алышкан же каза болушкан.

Балдарга карата ырасталган мыйзам бузуулардын саны бүгүнкү күнгө чейин эң жогорку деңгээлге жеткен жылы 2020-жыл болду. Бул мезгилде катталган мыйзам бузуу 2019-жылдагы көрсөткүчтөн 26 миңге көп.

Ушул одоно мыйзам бузуулардын, БУУ каттай баштаган 2005-жылдан бери 250 миңден ашканы белгиленди.

Бул мыйзам бузуулардын болжол менен 106 миңи адам өлтүрүү же майып кылуу катары катталган.

Палестина, Йемен, Конго Демократиялык Республикасы, Сомали жана Афганистан мыйзам бузуулардын көрсөткүчү жогору өлкөлөрдүн катарына кирет.

2010-жылдан бери күнүнө болжол менен 25 бала чыр-чатактан улам курман болушкан же майып болушкан.

Балдарды сактоо фондунун 2020-жылкы отчетуна ылайык, катуу кагылышуу болгон аймактарда жашаган балдардын саны 2018-жылга салыштырмалуу 2 пайызга көбөйүп, 160 миллионго жетти. Чыр-чатактуу аймактарда жашаган балдардын жалпы саны 426 миллион. Бул көрсөткүч дүйнө жүзү боюнча балдардын бештен бир бөлүгүнө туура келет.

Отчеттун 2019-жылдагы маалыматтарына караганда, Ооганстан, Түштүк Судан, Ирак, Конго Демократиялык Республикасы, Мали, Нигерия, Борбордук Африка Республикасы, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен балдар жашаган эң кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинде.



Тектеш кабарлар