АКШ менен БУУ Йеменде ок атышпоого чакырышты
АКШнын тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш боюнча социалдык эсебинен берилген маалыматка караганда Лендеркинг менен Гриффитс Иорданиянын борбор шаары Амманда жолугушту.
1650126
Америка Кошмо Штаттарынын Йемендеги атайын өкүлү Тим Лендеркинг жана БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Мартин Гриффитс Йеменде ок атууну токтотууга чакырышты.
АКШнын тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш боюнча социалдык эсебинен берилген маалыматка караганда Лендеркинг менен Гриффитс Иорданиянын борбор шаары Амманда жолугушту. Жолугушууда Гриффитстин Санага жасаган акыркы сапары күн тартибинен орун алды.
Тараптар Йемен элине керектүү гуманитардык жардамды көрсөтүү үчүн өлкө боюнча шашылыш жана ар тараптуу ок атышууну токтотууга чакырышты.