Ысыктыктан болуп жаткан өлүм - житимдердин 37 пайызы глобалдык ысыктыктан

Ысыктыктан улам каза болгондордун 37 пайызы глобалдык ысыктыктын себеп болгондугу аныкталды.

1649618
Ысыктыктан болуп жаткан өлүм  - житимдердин 37 пайызы глобалдык ысыктыктан

Ысыктыктан улам болуп жаткан өлүм  - житимдердин 37 пайызы глобалдык ысыктыктын себеп болгондугу аныкталды.

Sputnikтин жаңылыктарына ылайык, илимпоздор 1991-2018-жылдар аралыгында дүйнөнүн 732 шаарында ысыктан улам болгон өлүм  - житимдерди иликтешти.

Бул контекстте шаарлардагы температуралар компьютердик чөйрөдө даярдалган симуляциялар менен климаттын өзгөрбөгөн ыктымалы менен салыштырылды.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, ысыкка байланыштуу өлүмдөрдүн 37 пайызы глобалдык ысыктыкткн таасиринен келип чыккандыгы аныкталды.

Климаттын өзгөрүшүнөн улам адам өмүрүнүн эң жогорку жоготуусу Түштүк Америкада болуп жатканы белгиленди жана Бразилиянын Сан-Паулу шаары жылдык орточо 239 өлүм менен биринчи орунда турат.

Изилдөөлөрдө 732 шаарда ысыктын айынан адамдардын орточо жылдык жоготуулары 9700 экени белгиленди.

Айрым өлкөлөрдө каза болгондордун санынын айырмачылыгына маданий жана экологиялык факторлор, ошондой эле кондиционердик тутумдардын таасир эткендиги билдирилди.

Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу 2020-жылы казылып алынган отундун колдонулушу 7 пайызга азайганы менен, дүйнөлүк орточо температура өндүрүшкө чейинки (1850-1900) деңгээлден болжол менен 1,2 градус жогору болгонуна көңүл бурулду.

Изилдөөнүн натыйжалары Nature Climate Change журналына жарыяланды.



Тектеш кабарлар