Кытайда биринчи жолу бир адамдан H10N3 куш тумоосу чыкты

Кытай улуттук комиссиясы канаттууларда байкалган H10N3 түрүнүн салыштырмалуу анча оор эместигин жана кеңири масштабда жайылуу ылдамдыгынын "төмөн" экендигин билдирди.

1649533
Кытайда биринчи жолу  бир адамдан  H10N3 куш тумоосу чыкты

Кытайда биринчи жолу бир адамга  H10N3 куш тумоосу диагнозу коюлду.

Кытай улуттук комиссиясынын берген маалыматында Жиангсу аймагында 41 жаштагы бир адамдын куш тумоосунун H10N3 түрү жуккан биринчи бейтап болгондугу билдирилди.

Кытай улуттук комиссиясы бул адамдын температура жана башка симптомдор менен ооруканага жаткырылгандыгын белгилеп, вирустун кандай жуккандыгына байланыштуу маалымат берген жок.

Кытай улуттук комиссиясы канаттууларда байкалган H10N3 түрүнүн салыштырмалуу анча оор эместигин жана кеңири масштабда жайылуу ылдамдыгынын "төмөн" экендигин билдирди.

Кытай улуттук комиссиясы мындан мурда адамга H10N3 түрүнүн жукпагандыгын маалымдады.

Кытайда көптөгөн куш тумоосунун бар экендиги жана булардын жалпысынан канаттууларды баккан адамдарда чыккандыгы байкалууда.



Тектеш кабарлар