Россиянын Sputnik V вакцинасына карата талаптын көп экендиги билдирилди

Россиянын  түздөн түз инвестиция фонду  RDIFнин төрагасы Кирилл Дмитриев Россиянын Ковид  - 19 вакцинасы Sputnik Vге дүйнөлүк масштабда  чоң талаптын бар экендигин белгиледи.

1648518

Россия  - 1  телекөрсөтүүсүнө маек берген Дмитриев вакцина таасирдүү жана ишенимдүү болгондуктан талаптын көп экендигин айтты.

Орус жетекчи Sputnik Vнын бир гана орус изилдөөчүлөр эле эмес, ошол эле учурда Мексика, Аргентина, Венгрия жана Россиянын вакцинасын колдонгон бир топ өлкөнүн маалыматтары менен тастыкталганына көңүлдөрдү бурду.

Россиядагы Гамалая изилдөө борбору тарабынан чыгарылган Sputnik V вакцинасы азыркы учурда жалпы калкынын саны 3, 2 миллиарддан ашуун болгон 66 өлкөдө тастыкталды.

Дүйнөнүн сыйлуу журналдарынан The Lancet фаза  - 3  клиникалык сыноолорунун натыйжасына караганда Sputnik Vнын 91, 6 пайызынын тастыкталгандыгына байланыштуу бир макала жарыялаган. Андан кийин 3, 8 миллондон ашуун Россия жаранынын  эмделгендиги тууралуу анализине таянып орус вакцинасынын 97, 6 пайыз таасирдүү экендиги жарыяланды.

Европа фармацевтика мекемеси 4 – мартта Sputnik V вакцинасын алдына ала баалоо процессинин баштатылгандыгын жарыялады.

Тектеш кабарлар