Кытай үй - бүлөлөрдүн үч балалуу болушуна уруксат берет

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин башкаруучу саясий бюросу  жыйынында "үчүнчү балалуу болууну каалаган түгөйлөрдү колдоону" чечти.

1648900
Кытай үй  - бүлөлөрдүн үч балалуу болушуна уруксат берет

Кытай жарандарына үч балалуу болууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн калк саясатын өзгөртөт.

Кытайдын расмий Синьхуа агенттигиндеги жаңылыктарга ылайык, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин башкаруучу саясий бюросу  жыйынында "үчүнчү балалуу болууну каалаган түгөйлөрдү колдоону" чечти.

Президент Си Цзиньпиндин жетекчилиги астында өткөн жыйындан кийин берилген маалыматта, картайган калк маселесине жооп берүүнү жана өлкөнүн адам булагы артыкчылыгын сактап калууга багытталды деп белгиленди.

Бул чечим Пекин бакшаруу тарабынан 1980-жылы калктын өсүшүн көзөмөлдөө максатында кабыл алынган "бир бала" саясатынан кайтуу экендигин билдирүүдө.

Кытайда 1980-жылдардан бери жүргүзүлүп келе жаткан "бир бала" саясаты өлкөнүн экономикалык өнүгүшү жана шаарлашуусу менен калктын санынын өсүшүн бир топ кыскарткан.

Бирок, убакыттын өтүшү менен бул төмөндөө картайып жаткан калктын көйгөйүн ачып, эмгекке жарамдуу калктын азайышына алып келди.

Кытай өкмөтү 2013 -  жылы бир балалуу үй  - бүлөлөрдөн келген ата – энелердин экинчи балалуу болуусуна уруксат берип, саясатында өзгөртүү киргизген. 2016 -  жылы баары үчүн балалуу болуу чеги экиге чыгарылган.



Тектеш кабарлар