ЕБ Азербайжан менен Арменияга чакырык салды
Жосеп Борреллдин кеңсеси билдирүү жасады.
Европа Биримдиги (ЕБ) Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек арада болуп жаткан окуялардын тынчсыздандыруучу экенин билдирип, тараптарды чыңалууну басаңдатууга чакырды.
Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Борреллдин кеңсеси жасаган билдирүүдө, эки өлкөнүн чек арасындагы акыркы окуялардын тынчсыздандыруучу жана кооптуу экендиги айтылды.
"Чыңалууну тезинен азайтуу керек" деген сөздөр камтылган билдирүүдө, Европа Биримдигинин эки тарапты тең аскердик жайгашуудан жана кыймылдан алыс болууга чакырганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Бардык күчтөр 12-майга чейин өз позицияларына чегинип, эки тарап тең чек араны тактоо жана белгилөө боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек», делди.
Азербайжандын Коргоо министрлиги армян армиясынын ок атышпоо режимин бузгандыгын жарыялап, Азербайжан армиясынын Келбажар жана Гедебей облустарындагы позицияларына Армениянын позицияларынан белгилүү аралыктарда ок атылгандыгын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
Россия мамлекеттик кызматкерлеринин өлкө тышына чыгышына чектөөлөрдү киргизүүдө
Ройтерстин берген кабарына караганда бул талап Федералдык коопсуздук агенттигинен келди.
Жаз айы дүйнө жүзү боюнча рекорддук температура менен өттү
Адистер жакынкы күндөрдө жаңы температура рекорддорунун жаңыланышы мүмкүн экенин эскертишти.