Афганистанда бардык билим берүү мекемелери каникулга чыкты

Афганистандын 16 аймагында Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде бардык билим берүү мекемелери 2 жумага эс алууга чыкты.

1648039
Афганистанда бардык билим берүү мекемелери каникулга чыкты

Афганистандын 16 аймагында Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде бардык билим берүү мекемелери 2 жумага эс алууга чыкты.

Афганистан саламаттык сактоо министрлиги Ковид  - 19  эпидемиясында  акыркы күндөрдө үчүнчү толкундун ылдамдап бара жаткандыгын билдирди.

Коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде өлкөнүн 16 облусунда менчик жана мамлекетке таандык бардык билим берүү мекемелеринин эс алууга чыккандыгы белгиленип, элдин эпидемияга карата көрүлгөн чараларга баш ийүүсү керектиги да эскертилди.

Кечээ күнүмдүк бейтап саны эң жогорку санга жетти.

Университетке кабыл алуу башкармалыгы борбор шаар Кабулда жакында өткөрүлүшү пландалган сынактын Ковид  - 19 бейтаптарынын көбөйүшүнөн улам кечеңдетилгендигин билдирди.

Афганистан саламаттык сактоо министрлигинин каттоолоуна караганда мындан мурда эң көп 915 болгон бейтап саны кечээ 977ге жетип, өлкөдөгү эң жогорку күнүмдүк бейтап саны болуп катталды.

Өлкөдө эпидемиянын башталышынан бери 70 000ден ашуун бейтап жана 2 800дөн ашуун өлүм – житим катоолору катталса да сандардын мындан да жогору экендиги болжолдолууда.



Тектеш кабарлар