Японияда жүк ташыган кеме чөктү

Япониянын батыш тарабындагы Сето Ички деңизинде жүк ташуучу кеме химикаттарды ташып бараткан цистерна менен кагылышып, үч адам каза болду.

1647499
Японияда жүк ташыган кеме чөктү

Япониянын батыш тарабындагы Сето Ички деңизинде жүк ташуучу кеме химикаттарды ташып бараткан цистерна менен кагылышып, үч адам каза болду.

Кечээ кечинде, Эшиме штатында Япониянын желеги илинген 11454 тонна жүк ташуучу Byakko кемеси менен Маршалл аралдарына катталган Ulsan Pioneer химиялык танкери кагылышты.

Сето Ички деңизинде жергилдиктүү убакыт боюнча саат 23:55те кырсыктан улам 170 метрдик Byakko кемеси таңга жуук 02:45 чамаларында чөктү.

Имабари жээк күзөтүнүн маалыматы боюнча кемедеги 12 экипаждан 9 адам куткарылып, дайынсыз жоголгон 3 адамды издөө иштери улантылууда.

13 экипаждуу  Ulsan Pioneer кемесинде жаракат алгандар болгон жок.



Тектеш кабарлар