Индия Түркияга ыраазычылык билдирди

Түркия Индияга эки жүк ташуучу учак менен медициналык жардам жөнөткөн болчу.

1646958
Индия Түркияга ыраазычылык билдирди

Индия Түркияга Ковид-19 жардамынан улам ырахмат айты.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ариндам Багчи, Түркиянын "тилектештик жардамын" жогору баалагандарын белгилеп, Түрк Кызылайына ыраазычылыгын билдирди.

Индиянын Анкарадагы элчиси Санжай Кумар Панда да Твиттердеги баракчасынан, медициналык жабдыктардын өлкөсү үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгилеп: «Ушул оор мезгилде Индия менен бирге болгондугу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирем», деди.

Түркиянын Кызыл Жарым Ай коому, Ковид-19 эпидемиясынан жапа чеккен Индия элине колдоо көрсөтүү үчүн эки жүк ташуучу учакка жүктөлгөн медициналык жардамдарды "Индира Ганди" эл аралык аэропортунда Индиянын Кызыл Жарым Ай коомуна тапшырып берди.

Жардамдардын арасында Түрк Кызылайы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган 630 кычкылтек түтүктөрү, 5 кычкылтек генератору, 50 респиратор, 50 миң дары-дармек жана ар кандай медициналык буюмдар бар. 



Тектеш кабарлар