Японияда өзгөчө кырдаал 3 жумага узартылышы мүмкүн

Японияда Ковид  - 19га байланыштуу өзгөчө кырдаалдын  2 же 3 жумага дагы узартуу пландаштарылууда.

1645687
Японияда өзгөчө кырдаал 3 жумага узартылышы мүмкүн

Японияда Ковид  - 19га байланыштуу өзгөчө кырдаалдын  2 же 3 жумага дагы узартуу пландаштарылууда.

Саламаттыкты сактоо министри Тамура Норихиса Ковид-19 бейтаптарынын абалы жана 31 -  майда акырына чыгышы пландалып жаткан өзгөчө кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Өсүү тенденциясын сактаган бейтап катнашынын саламаттык сактоо системасына тескери таасир тийгизгендигин белгилеген министри Тамура өзгөчө кырдаалдын узартылышы мүмкүн экендигин айтты.

Тамура : "Алдыбызда өзгөчө кырдаалды узартуу турат. Эксперттик делегациянын сунушу менен акыркы чечимди кабыл алабыз" ,- деди.

Киодо агенттигинин маалыматына ылайык, Токио жана Осака баш болгон 9 штатта 31-майда акырына чыгышы пландалган өзгөчө кырдаал 13-июнга же 20-июнга чейин узартылат.

Жекшембиде Окинавада күчүнө кирген өзгөчө кырдаал пландалгандай 20-июнда аяктайт.



Тектеш кабарлар