Кытай кемелери Япониянын территориясына кирди

Кытайдын желеги илинген  кемелер Жапониянын Сенкаку аралынын айланасындагы кургактык сууларына быйыл 16 жолу кирди.

1645195
Кытай кемелери Япониянын территориясына  кирди

Кытай желеги илинген 4 жээк коопсуздук кемеси Чыгыш Кытай деңизиндеги талаш  - тартыштуу Сенкаку аралдарынын айланасында Япониянын сууларына кирди.

Окинава аймагынын Наха районундагы 11 -  аймактык жээк коопсуздук штабынын маалыматына караганда талаш  - тартыштуу Сенкаку аралдарынын айланасында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 16: 30 чамаларында кемелер, аймактагы Уотсури жана Тайшо аралдарына жакындады.

Япониянын жээк коопсуздугу Кытайга таандык кемелерге аймактан чыгып кетүүсү боюнча эскертти.

Коомдук телекөрсөтүү NHK каналынын билдиргенине караганда, Кытайдын желеги илинген  кемелер Жапониянын Сенкаку аралынын айланасындагы кургактык сууларына быйыл 16 жолу кирди.

1-февралда Кытайда күчүнө кирген мыйзам, өзүнүн жээк күзөтчүсүнө эрежелерге баш ийбеген чет элдик кемелерге каршы курал колдонуу укугун берген.

Киодо агенттиги  бул мыйзам Кытайга Чыгыш Кытай деңизиндеги талаш - тартыштуу Сенкаку аралдарынын айланасында  жүргөн Япон кемелерин бутага алууга укугун бергенин билдирген.

Чыгыш Кытай деңизиндеги Япониянын Сенкаку, Кытайдын да Дяоюйу  деп атаган аралдар 5 арал жана 3 аскадан турат.



Тектеш кабарлар