Индияда катуу бороондон улам адамдар эвакуацияланды
Индиянын Одиша жана Батыш Бенгалия штаттарында он миңдеген адам бороондон улам коопсуз жайга көчүрүлдү.
Индиянын Одиша жана Батыш Бенгалия штаттарында он миңдеген адам бороондон улам коопсуз жайга көчүрүлдү.
Индиянын метеорология департаменти (IMD) тарабынан берилген маалыматта, Яас деп аталган бороондун ылдамдыгы саатына 177 чакырымды түзүп, Ориша жана Батыш Бенгалия штаттарын эртең эрет сааттарда таасири астына алары белгиленди.
Батыш Бенгалия менен Одишага өзгөчө кырдаалдар топтору жайгаштырылды.
Бийлик Батыш Бенгалиядагы кеминде 20 райондун катуу шамалдан жабыркай тургандыгын жана бул райондордогу он миңдеген тургундардын баш калкалоочу жайларга көчүрүлгөндүгүн жарыялады.
Одишада болжол менен 15 миң адамдын эвакуациялангандыгы жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.