АКШда куралдуу кол салуу болду

Кол салуудан 2 адам каза болуп, 8 адам жаракат алды.

1643801
АКШда куралдуу кол салуу болду

АКШнын Миннеаполис шаарында болгон куралдуу кол салуудан 2 адам каза болуп, 8 адам жаракат алды.

АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында куралдуу кол салуу болду.

Миннеаполис полиция агенттиги твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө, шаардын борборунда болгон кол салууда 2 адам каза болуп, 8 адам жаракат алгандыгын билдирди.

Жаралуулардын  ооруканада дарыланып жаткандыгы жана 1 адамдын өмүрүнүн коркунучта экендиги маалымдалды.

Полиция кылмыш болгон жер жана айланасында көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди бирок шектүүлөр тууралуу маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар