Израиль полициясы Аль Аксада жамаатка үн бомбасы менен кол салды

Кол салуудан улам 20 палестиналык жаракат алды.

1643315
Израиль полициясы Аль Аксада жамаатка үн бомбасы менен кол салды

Израиль полициясы жума намазынан кийин Аль Аксадагы жамаатка үн бомбасы менен кол салды. Полициянын кийлигишүүсүндө 20 палестиналык жараланды. 

Миңдеген палестиналык жума намазынан кийин Аль Аксада Израилдин артка кадам таштап Хамас менен ок атышпоого барышын белгиледи. Палестина байрактары менен жүргөн калың эл бат - бат текбир келтиришти. 

Палестиналыктар андан кийин Аль Аксадан Эски Шаар аймагына карай жүрүшкө чыгууну каалады.

Израиль полициясы үн бомбасы  менен палестиналыктарга кол салып топту таркатууга аракет кылды. Израиль полициясынын кол салуусунда 20 палестиналык жараланды. 

 



Тектеш кабарлар