ЙПГ / ПКК Сирияда балдарды согуштурууну улантууда

Бул тууралуу 2018-жылдын июль айынан 2020-жылдын июнь айына чейин Сириядагы балдарга карай мыйзам бузуулар документтештирилген Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчету жарыяланды.

1642676
ЙПГ / ПКК Сирияда балдарды согуштурууну улантууда

Жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын Сирияда балдарды согуштурууну жана колдонууну улантып жатканы дагы бир жолу аныкталды.

2018-жылдын июль айынан 2020-жылдын июнь айына чейин Сириядагы балдарга карай мыйзам бузуулар документтештирилген Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчетуна ылайык, ЙПГ / ПКК мыйзам бузууларын балдарды согушкерлерге жана мектептерди курал-жарак сактоочу жайга айлантуу менен уланткан.

Каралып жаткан мезгилде уюм Сирияда 400дөн ашуун баланы согушкер катары колдонушкан жана куралдуу топтор балдарга карай уурдоо, зордуктоо жана согуштуруу сыяктуу 4700дөн ашуун мыйзам бузган.

Ушул мезгил аралыгында 2700дөн ашуун бала абадан бомбалоолордон, калган жарылуучу заттардан жана жер үстүнөн бомбалоодон каза болушту же майып болушту. Куралдуу топтор тарабынан 117си кыздар болгон 1423 бала кеңири жана системалуу түрдө пайдаланылса, 250 жашы 15ке чыга элек 1388 бала согуштурулду.

ЙПГде 318 бала, ал эми уюмдун аялдар бөлүмү болгон YPJде 99 бала курал кармады. Сирияда SDG деген ысымды колдонгон террордук уюм ЙПГ / ПКК, «өз курамынын ичинде согушуп жаткан балдарды бошотуу» боюнча БУУ менен келишимге кол койгонуна карабастан, балдарды согушкер катары колдонууну улантууда.

2019-жылдын июнь айында БУУ менен түзүлгөн келишимден кийин ЙПГ / ПКК дагы 149 баланы, алардын 23ү жашы 15ке чыга элек балдарды согушкер катары колдонду.

ЙПГ / ПКК, террордук уюм ДЕАШка койгон дооматтарынан улам Хасекеде 150 баланы, анын ичинде 9 жаштагы эркек балдарды эркинен ажыратты.



Тектеш кабарлар