Илхан Омар:«Мектепти бомбалоо согуш кылмышы болуп саналат»

АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, демократ депутат Омар өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө аскерий кылмыштар үчүн Израилди жооптуу деп тапты.

1642231
Илхан Омар:«Мектепти бомбалоо согуш кылмышы болуп саналат»

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Демократиялык партиянын депутаты Илхан Омар палестиналыктарга каршы чабуулун уланткан жана айрым мектептерди бутага алган Израилге каршы: «Мектепти бомбалоо согуш кылмышы болуп саналат»,деген сөздөрү менен жооп берди.

Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, демократ депутат Омар өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө аскерий кылмыштар үчүн Израилди жооптуу деп тапты.

Омар, өзүнүн билдирүүсүндө, «Мектепти бомбалоо - бул согуш кылмышы. Оорукананы бомбалоо - бул согуш кылмышы. Кабар борборун бомбалоо - бул согуш кылмышы. Жарандарга ракета атуу дагы согуш кылмышы. Эгерде адам укуктарына ишенсек, анда согуш кылмышын кылган бардыгын кармоо керек. Алар толугу менен жооп бериши керек»,деген сөздөр камтылды.

Палестина тектүү америкалык демократтардын депутаты Рашида Тлаиб дагы өзүнүн Твиттер баракчасында жасаган билдирүүсүндө палестиналыктардын дагы адам укуктары бар экендигине көңүл буруп, бардыгын ушул маселе боюнча үн катууга үндөдү.

Экинчи жагынан, Жо Байдендин бийлигинин Израилге сатуу үчүн бекиткен 735 миллион долларлык акыркы курал сатуусу боюнча АКШ демократтарынын каршы пикирлери уланууда.

Демократ-сенатор Берни Сандерс бул темадагы билдирүүсүндө АКШ бийлигинин элинин салыктарынын кайда жана кандайча жумшалгандыгы жөнүндө ачык-айкын болушу керектигин айтты.

АКШдагы демократтардын бир тобу сөз болуп жаткан куралды сатууну токтотуу боюнча долбоор даярдаганы америкалык маалымат каражаттарында чагылдырылды.



Тектеш кабарлар