БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестина үчүн чогулат

Бириккен Улуттар Уюмунун 200гө жакын мүчөсүнүн жыйындын алкагында Израилге катуу билдирүү жөнөтүшү күтүлүүдө.

1642367
БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестина үчүн чогулат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы бүгүн Палестина күн тартиби менен чогулат.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катыша турган жыйында, Израилдин Газага болгон ырайымсыз кол салуулары жана Чыгыш Кудстагы палестиналыктардын жөөт отурукташуучулары тарабынан үйлөрүнөн мажбурлап чыгарылышы талкууланат.

Бириккен Улуттар Уюмунун 200гө жакын мүчөсүнүн жыйындын алкагында Израилге катуу билдирүү жөнөтүшү күтүлүүдө.

Нигер менен Алжирдин кайрылуусунан кийин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-төрагасы Волкан Бозкыр Башкы Ассамблеяны чогулта тургандыгын билдирген эле.

Уюмдун чечим кабыл алуучу органы болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, 5 мамлекеттин ветосунан улам натыйжасыз болуп келгени белгилүү.

Ушул кезге чейин Кеңеште 1 ачык жана 3 жабык 4 жыйын өткөрүлдү. Бирок алардын бири дагы натыйжа берген жок.

Америка Кошмо Штаттары, жөөт конуштарынын токтотулушу жана Израилдин кол салууларына тынчсыздануулар билдирилген тексттерге бөгөт койгон болчу.



Тектеш кабарлар