Израилдин Палестинага кол салууларынан курман болгондордун саны өсүүдө

Дүйнөнүн каршы чыгуусуна карабастан, Израиль курчоодо калган Газа тилкесине чабуулун улантууда.

1641675
Израилдин Палестинага кол салууларынан курман болгондордун саны өсүүдө
gazze.jpg
filistin cocuk.jpg
gazze bina kizilay.jpg

Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан курман болгон палестиналыктардын саны 213кө жетти.

Дүйнөнүн каршы чыгуусуна карабастан, Израиль курчоодо калган Газа тилкесине чабуулун улантууда.

Газадагы Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин 10-майдан бери Газага кол салууларынан 61 бала, 36 аялдан турган 213 палестиналыктын шейит болгондугу жана жаракат алгандардын саны 1442ге жеткендиги белгиленди.

Ошол эле учурда, Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде кол салуу астындагы Газа тилкесине колдоо көрсөтүү үчүн болгон демонстрацияларга чыныгы жана резина ок менен аткылап, 13 палестиналык жаракат алды.

Палестина Кызыл Жарым Айынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израилдик аскерлер ыргыткан газдан улам ондогон палестиналыктардын думугуп калуу коркунучу бар экени белгиленди.

Израиль полициясы ошондой эле Чыгыш Кудстун Эски шаарындагы Дамаск дарбазасына чогулушкусу келген палестиналыктарга желим октор жана үн гранаталары менен кол салган. Басымдуу саркынды суулар (TOMA) демонстрацияларга кийлигишүү максаты менен чачылды.

Милиция кызматкерлери бир адамды желим октор менен жарадар кылып, 3 адамды кармады.

10-майдан бери Батыш Шериада уюштуриулган Газаны колдоо демонстрацияларына Израилдик күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн 23 палестиналык өмүрүнөн айрылды.

Израиль аскерлери Палестинанын Батыш Шериадагы Эл Халил шаарында бычак менен кол салганга аракет кылды деген жүйөө менен бир палестинди өлтүрүштү.

Ошол эле учурда, Израилдин Газа тилкеси жана Чыгыш Кудстагы кол салууларынан улам, басып алынган Батыш Шериада жана Израилдеги арабдар көп жашаган шаарларда жалпы иш таштоо жарыяланды.

Палестинадагы саясий топтордун жана кесиптик бирликтердин чакыруусу менен дүкөндөр таң эрте темир каалгаларын жапты.

Иш таштоого жеке мекемелер, университеттер жана банктар дагы катышкан.



Тектеш кабарлар