Израилдик мурдагы аскер: «Израиль армиясы террордук уюм, анын командирлери согуш кылмышкерлери»

2003-жылы армиядан баш тарткан Йонатан Шапира:«Израиль армиясы террордук уюм, анын командирлери согуш кылмышкерлери. Израиль өкмөтү жөөттөрдүн расисттик өкмөтү жана бүткүл аймакты апаатка сүйрөп жатат»,-деди.

1640229
Израилдик мурдагы аскер: «Израиль армиясы террордук уюм, анын командирлери согуш кылмышкерлери»

Израилдин аба күчтөрүнөн баш тарткан мурдагы авиациялык учкуч капитан Йонатан Шапира Израиль армиясы террордук уюм жана анын командирлери согуш кылмышкерлери экендигин билдирди.

2003-жылы армиядан баш тарткан Йонатан Шапира:«Израиль армиясы террордук уюм, анын командирлери согуш кылмышкерлери. Израиль өкмөтү жөөттөрдүн расисттик өкмөтү жана бүткүл аймакты апаатка сүйрөп жатат»,-деди.

Шапира дүйнөнү палестиналыктарды коргоого чакырып, «Анткени алар өлтүрүлүп жатышат, алар этникалык себептерден улам өлтүрүлуп жатышат»,-деп айтты.

«Израилдин лидерлеринен эч кандай жакшы нерсе чыкпайт. Эч нерсе күтпөңүз»,-деп айткан Шапира:«Бизге сырттан кийлигишүү керек. Бизге катуу кысым керек. Бул кырсыкты токтотуу үчүн биз мүмкүн болгон кысымга муктажбыз»,-деди.

Израилдин маалымат каражаттарын жана билим берүү тутумун да сындаган Шапира, адамдардын мээси жуулуп, чындыкты көрбөй калышканын айтты.

Шапира: «Израилдеги балдар жогорку сионисттик аскердик билим берүү тутумунда тарбияланып жатышат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар