Жөөт көчмөндөрү Чыгыш Кудстун Шейх Жаррах кварталында палестиналыктарга тапанча менен ок атты

Израилдин кээ бир палестиналык үй-бүлөлөрдү үйлөрүнөн чыгарып жиберүү планынан улам чыңалуу күч алган Шейх Жаррах кварталында жөөт отурукташуучулары жана палестиналыктар тобу бири-бирине таш ыргытышты.

1639614
Жөөт көчмөндөрү Чыгыш Кудстун Шейх Жаррах кварталында палестиналыктарга тапанча менен ок атты
gazze bina.jpg
GAzze.jpg
Kosova_Priştine_Filistinlilere destek yürüşü.jpg

Жөөт көчмөндөрү басып алынган Чыгыш Кудстун Шейх Жаррах кварталында палестиналыктарга тапанча менен ок атты жана Израиль полициясы бул жердеги демонстрацияга кийлигишти.

Израилдин кээ бир палестиналык үй-бүлөлөрдү үйлөрүнөн чыгарып жиберүү планынан улам чыңалуу күч алган Шейх Жаррах кварталында жөөт отурукташуучулары жана палестиналыктар тобу бири-бирине таш ыргытышты.

Андан соң жөөт отурукташуучуларынан экөө тапанчаларын алып чыгып, палестиндерди көздөй ок чыгарышты.

Окуядан жаракат алгандар болгон жок.

Экинчи тараптан, Шейх Жаррах районундагы үйлөрүнөн чыгарабыз деп коркутулган палестиналык үй-бүлөлөрдү колдоо максатында демонстрация уюштурган топко Израилдин полициясы кийлигишти.

Полиция демонстранттарды кууп таркатуу үчүн үн гранаталарды колдонуп, 9 кишини кармады.

Экинчи жагынан, ХАМАСтын аскердик канаты Иззеддин аль-Касам бригадалары Батыш Шериада жашаган палестиналыктарды Израилге каршы көтөрүлүшкө чыгууга чакырды.

Кассам бригадаларынын өкүлү Абу Убейде кыскача жазылган билдирүүсүндө, «Эй, Батыш Шерианын баатыр жана эркин эли, билегиңер бүгүлбөсүн, төңкөрүшүңүзгө салам жолдойбуз, баскынчылардын таман астындагы жерди өрттөп жибер»,деген сөздөрдү колдонгон.

Газа тилкесиндеги Палестинанын каршылык көрсөтүү топтору Израиль полициясына басып алынган Чыгыш Кудстагы Акса мечити жана Шейх Жаррах кварталынан 10-май, дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алтыга чейин чыгып кетүүгө уруксат берди.

Израиль полициясы Акса мечити жана Шейх Жаррахтан чегинбегенден кийин, Палестинанын каршылык көрсөтүү топтору Израилге көптөгөн ракеталарды аткылашты.

Андан кийин Израиль армиясы Газа тилкесине каршы аскердик операция башталганын жарыялады.

10-майдан бери Израилдин Газага жана Батыш Шериага кол салууларында 127 палестиналык, 31 бала жана 20 аял шейит болуп, жаракат алгандардын саны 900гө жетти.



Тектеш кабарлар