Кытайда катуу куюн болду

Куюндан улам 10 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.

1639667
Кытайда катуу куюн болду

Кытайда куюндун айынан 10 адам каза болду.

Өлкөнүн борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө ылдамдыгы секундасына 23 метрден ашкан куюндан улам 10 адам каза болуп, 367 адам жаракат алышты.

Аба ырайынын жагымсыз шарттары миллиондогон адамдар жашаган шаарларда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келди.

Куюн болгон аймактарда куткаруучу топтор түнү бою өз ишин улантышты.



Тектеш кабарлар