Израиль басма сөз каражаттары орун алган имаратты атканына өкүнөбү?

Израиль буга чейин имаратка сокку урулат деп жарыялаган.

1639896
Израиль басма сөз каражаттары орун алган имаратты атканына өкүнөбү?
Gösteri 3.jpg
Gösteri 2.jpg
Gösteri 1.jpg

Газадагы көптөгөн аймактарга интернет кызматын көрсөткөн басма сөз каражаттарынын мунаралары жайгашкан имарат 13 кабаттуу экендиги маалымдалды.

Израиль буга чейин имаратка сокку урулат деп жарыялаган.

Ал-Жазиранын Газадагы кабарчысы Вейл аль-Дахдухтун айтымында, Израиль армиясы тургундарга бир саат убакыт берди.

Американын Ассошиэйтед Пресс (AP) маалымат агенттигинин президенти жана аткаруучу директору Гари Прюитт окуя боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жасап: «APнин кеңсеси жайгашкан имаратка Израилдин тынчты кетирген кол салуусу бизди таң калтырды жана үрөйдү учурду»,-деген сөздөрдү колдонду.

Аль-Жазира жасаган билдирүүдө, «Израилдин кылганы биздин журналисттерибиздин жашоосун бутага алып, алардын чындыкты ачып берүүсүнө жол бербөө үчүн жасалган жапайы иш-аракет»,делди.

Ак үйдүн АКШдан билдирүүсүндө, «Биз Израилдиктерге журналисттердин жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуунун чоң жоопкерчилик экендигин түздөн-түз билдирдик»,деген сөздөргө орун берилди.

Ошол эле учурда Израилдин согуштук учактары Газанын батыш тарабындагы Шати качкындар лагериндеги үйгө жасаган кол салуусунда 10 палестиналык каза болду, 10-майдан бери Израиль күчтөрүнүн кол салуусунда 139 адам шейит болуп, 950 адам жаракат алды.

ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысынын орун басары Салих ал-Арури, Газада жерден баштала турган операция Израиль үчүн апаат болуп, согуш балансын өзгөртө алаарына токтолду.

Кечээ Израилдин Газада кургактык операциясын баштагандыгы тууралуу жаңылыктар жөнүндө Хамаска таандык Аль-Акса телекөрсөтүүсүнө кайрылган Арури: «Каршылык көрсөтүү күчтөрү душманды (Израиль) таң калтыра тургандай күчтүү жана алар мурда колдонгон куралдарга караганда күчтүү куралдарга ээ»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар