Япония Мьянмага грант берет

Япония Мьянмадагы болжол менен 600 миң адамга азык-түлүк таратат.

1639687
Япония Мьянмага грант берет

Япония Мьянмада 1-февралда болгон аскердик төңкөрүштөн кийинки гуманитардык кризистен улам бул өлкөгө шашылыш азык-түлүк жардамы үчүн 4 миллион долларлык грант берет.

Япония Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы аркылуу бере турган 4 миллион долларлык жардамдын алкагында Мьянмадагы болжол менен 600 миң адамга азык-түлүк таратат.

Тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу маалымат жыйынында: «Бул жардам, өлкөбүздүн гуманитардык жардамынын бир бөлүгү жана төңкөрүштөн кийинки чукул муктаждык»,- деди.

Экинчи жагынан, Мьянмада 1-февралдагы аскердик төңкөрүштөн кийин тынчтык митингдери жөнүндө "жалган кабарларды" тараткан деп айыпталып апрель айында камакка алынган жапониялык эркин журналист Юки Китазуми бошотулду.

Буга чейин 26-февралда камакка алынып көп өтпөй бошотулган Юки, 18-апрелде экинчи жолу кармалгандан бери камакта болчу.



Тектеш кабарлар