Жо Байден :" Чыңалуунун түшүрүлүшүнө карата аракеттер улантылууда"

АКШнын президенти Жо Байден Чыгыш Кудста жана аймагында чыңалуунун түшүрүлүшүнө карата аракеттердин улантылып жаткандыгын айтты.

1639128
Жо Байден :" Чыңалуунун түшүрүлүшүнө карата аракеттер улантылууда"

АКШнын президенти Жо Байден Чыгыш Кудста жана аймагында чыңалуунун түшүрүлүшүнө карата аракеттердин улантылып жаткандыгын айтты.

Жо Байден Ак үйдө бир журналисттин : «Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун зобулукту токтотуу үчүн жетеринче иштегенине ишенесизби?»,- деген суроосуна жооп берди.

Кечээ Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске  салган Байден тышкы иштер министрлиги, коргоо министрлиги жана чалгындоо уюмунун да бир гана Израиль эле эмес, аймактагы бир топ өлкөдөгү кесиптеши менен сүйлөшкөндүгүн белгиледи.

Аймакта чыңалуунун түшүрүлүшү үчүн аракеттеринин улантылып жаткандыгын белгилеген Байден : «Ушул күнгө чейин ашыкча каршы чыгуу болгон жок. Бул жердеги негизги маселе өзгөчө жарандык калк жашаган аймактарга атылган ракеталардын санынын азайышы. Бул тууралуу бир топ сүйлөшүү өткөрүүнү күтүп жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар