Израилдин Палестинага кол салуулары тыйыла элек...

Израилдин блокадага алган Газа тилкесине кол салууларында экөө баладан турган дагы 9 палестиналыктын каза болушу менен шейиттердин саны 65ке жетти.

1638642
Израилдин Палестинага кол салуулары тыйыла элек...
kudus filistin.jpg
gazze filistin.jpg
gazze.jpg
yangın al aqsa.jpg
gazze.jpg
gazze.jpg

Израилдин блокадага алган Газа тилкесине кол салууларында экөө баладан турган дагы 9 палестиналыктын каза болушу менен шейиттердин саны 65ке жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүнө ылайык, Израилдин акыркы мезгилде аймакка жасаган кол салууларында экөөсү балдар болгон дагы 9 палестиналык шейит болду.

Израилдин 10-май, дүйшөмбүдөн бери Газанын ар кайсы аймактарына кол салууларында 16сы балдар, 5 аял жана бири карыядан турган 65 палестиналык шейит болуп, жаракат алгандардын саны 365ке чейин көбөйгөнү белгиленди.

Палестинанын Кызыл Жарым Айы 214 палестиналыктын жаракат алганын, анын ичинен 36сына чыныгы ок, 113үнө желим ок тийгенин, 65и сабалганын жана 7-майдан бери Батыш Шериада  446 адам көздөн жаш агызуучу газдан жабыркаганын жарыялады.

Израиль полициясы берген маалыматка караганда, демонстрациялардан жана зордук-зомбулуктан улам 270 адам кармалган.

Экинчи жагынан, эл аралык маалымат каражаттарындагы, айрыкча Израилдеги кабарларга караганда, ХАМАС Израилдин ар кайсы аймактарында ар кандай аралыкта миңге жакын ракета учурду.

Израилдин саламаттык сактоо кызматкерлери атылган ракеталардын айынан 6 адам каза болуп, 47 адам жаракат алганын билдиришти.

Экинчи жагынан, Израиль Газанын эл көп жүргөн аймактарынын биринде батирлер жана соода кеңселери жайгашкан 14 кабаттуу Эс-Шурук имаратын абадан бомбалоо менен кыйратты.

Урулган имаратта карапайым адамдар жашаган батирлер жана Газада иштеп жаткан компаниялардын жана медиа уюмдардын кеңселери болгон.

Чабуулдан улам айланадагы аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурагандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар