Израиль полициясынын кол салуулары түн ичинде дагы уланды

Израиль полициясы оккупацияда турган Чыгыш Кудстун Дамаск дарбазасы жана Шейх Жаррах районунда палестиналыктарга кол салды.

1638647
Израиль полициясынын кол салуулары түн ичинде дагы уланды
gazze.jpg
gazze cocuk.jpg

Израиль полициясы оккупацияда турган Чыгыш Кудстун Дамаск дарбазасы жана Шейх Жаррах районунда палестиналыктарга кол салды.

Дамаск дарбазасына чогулган палестиналыктар Чыгыш Кудстун Эски шаарында жайгашкан Аль-Аксадагы түнкү намаздан кийин Израиль полициясынын кийлигишүүсүнө дуушар болушту.

Шейх Жаррах районунда Израиль полициясы үйлөрүнөн чыгарылат деп коркутулган палестиналыктарга да кол салган.

Палестина Кызыл Жарым Айынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израиль полициясынын Дамаск дарбазасы жана Шейх Жаррах районунда палестиналыктарга үн бомбасы, желим октор, көздөн жаш чыгаруучу газ жана социалдык окуяларга кийлигишүүчү шаймандар менен кол салгандыгы белгиленди (TOMA).

Билдирүүдө Израиль полициясынын кийлигишүүсү учурунда 18 палестиналыктын, алардын 10у желим октон жаракат алганы белгиленди.

Израилдин бир нече күндөн бери блокадага алынган Газа тилкесине  кол салууларында 65 адам, анын ичинде 16 бала, 5 аял жана кары-картаңдар шейит болуп, 365 адам жаракат алышты.



Тектеш кабарлар