Израиль полициясы Акса мечитинде күзөттө турган палестиналыктарга кол салды

Харем-и Шарифтин айрым жерлерине баррикадаларды орноткон палестиналыктар, бул жерден кетпей тургандыктарын билдиришип, "Акса, сен үчүн жаным курман" деген ураандарды жаадырышты.

1637316
Израиль полициясы Акса мечитинде күзөттө турган палестиналыктарга кол салды

Израиль полициясы оккупацияга алынган Акса мечитин басып алууну алдына алуу үчүн күзөттө турган палестиналыктарга кол салып 278 киши жаракат алды.

Миңдеген палестиналык багымдат намазын Чыгыш Кудстун Эски Шаар аймагындагы Акса мечитинде окуду. Намаздан кийин палестиналыктар Акса мечитинин короосунда текбир келтирип митингге чыгышты. Митингден кийин  көп сандаган палестиналык фанатик еврейлердин басып алышын алдына алуу үчүн Акса мечитинде күзөткө турушту. 

Андан кийин Акса мечитине кол салган Израиль полициясы палестиналыктарга көздөн жаш агызуучу газ, желим ок жана үн бомбалары менен кол салды. 

Израиль полициясы  оккупацияга алынган Чыгыш Кудста Акса мечитиндеги окуяларды  илкитеген Анадолу агенттигинин оператору Файиз  Эбу Румейлеге да кол салып, Анадолу агенттигинин фотожурналистти Мустафа ел - Харуфту да желим ок менен жаралады. 

Акса мечитинин Арстандуу каалгасына жакын жерде бир еврей тургунунун унаасын митингге чыккан палестиналыктарга карай айдаганы да видеолордо орун алды. 

Палестиналыктар Израиль полициясынын кол салуусуна таш менен каршылык көрсөтүп, Израиль полициясынын Харем  - и Шерифтеги кол салуусу улантылууда. Палестина Кызылай жамааты жүздөгөн палестиналыктын жаралангандыгын, айрым кызматкерлеринин Акса мечитине киришине тоскоолдук болгонун билдирди.

Акса мечити фондунун директору Шейх Омер Эль-Кисвани Харем-и Шарифтин үн күчөткүчтөрү аркылуу Ислам дүйнөсүн жардамга чакырды.

Фанатик еврейлер Израилдин Чыгыш Кудсту басып алган 1967 -жылдагы Алты Күн Согушун еврей календары боюнча «Кудс күнү» деп белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар