Ооганстанда кол салуу: 25 адам каза болду

Талибан болсо кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун жана кол салууну айыпташканын жарыялады.

1636585
Ооганстанда кол салуу: 25 адам каза болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы бир мектептин алдында болгон бомбалуу кол салуудан 25 адам көз жумду.

Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арьен басма сөзгө берген билдирүүсүндө, Кабулдун Дашт-и Барчи аймагындагы Сейид-ү Шухеда мектебинин алдында бомбалуу чабуул болгонун айтты.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда кол салуудан 25 жарандын каза тапкандыгын кабарлаган Арьен, 52 жарандын да жаракат алгандыгын жана өлүм санынын көбөйүшүнөн тынчсыздангандыгын билдирди.

Көргөн күбөлөр болсо кол салгычтын бомба жүктөлгөн унаа менен мектептин кире беришиндеги эшикти бутага алгандыгын, кол салуудан 30дан ашуун жайкын тургундун набыт болгонун айтышты.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Талибан болсо кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун жана кол салууну айыпташканын жарыялады.



Тектеш кабарлар