Мьянмада тыйылбаган кагылышуулар

Мьянма армиясынын өлкөдөгү нааразычылык акциясына куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында өмүрүнөн айрылган жарандардын саны 774кө жетти.

1636361
Мьянмада тыйылбаган кагылышуулар

Мьянмада аскердик төңкөрүшкө каршы чыккандар менен Мьянма армиясынын ортосунда ушул жуманын ичинде чыккан кагылышуулардан кеминде 16 аскер набыт болду.

«The Irrawaddy» гезитиндеги кабарга караганда, 6-7-май күндөрү Сагаинг аймагынын Кани районунда болгон нааразычылык акциясында демонстранттар, элди таркатуу үчүн куралдуу кийлигишүү жасаган Мьянма армиясына колго жасалган курал-жарактар менен жооп кайтарышты.  

Кагылышууларда кеминде 16 аскер каза тапты.

Экинчи жагынан, Мьянма армиясынын өлкөдөгү нааразычылык акциясына куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында өмүрүнөн айрылган жарандардын саны 774кө жетти.


Этикеткалар: #Мьянма армиясынын

Тектеш кабарлар