Колумбиядагы демонстрацияларда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Колумбияда 9 күндөн бери болуп келе жаткан салыкка каршы  митингдерде каза болгондордун саны 26га жогорулады.

1635908
Колумбиядагы демонстрацияларда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Колумбияда 9 күндөн бери болуп келе жаткан салыкка каршы  демонстрацияларда каза болгондордун саны 26га жогорулады.

Колумбиянын Акыйкатчы институтунун билдирүүсүндө, 28 - апрелде жалпы иш таштоо менен башталган салыкка каршы реформа демонстрациясында каза болгондордун саны 24төн 26га чейин көбөйгөнү жарыяланды.

Ушул кезге чейин билдирилген 145 дайынсыз жоголгон кишиден 55нин табылгандыгы, 90 киши үчүн издөөнүн улантылгандыгы билдирилди.

Колмубиянын эмгек министри Анхель Кастодио Кабреранын айтымында, өкмөт белгиленген мөөнөттөн мурда Улуттук иш таштоо комитетинин өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүгө даяр.

Кабрера президент Иван Дюк менен Улуттук иш таштоо комитетинин өкүлдөрүнүн ортосунда 10-майга белгиленген жолугушуунун эртерээк өткөрүлүшү  жана өкмөттүк канаттын буга даяр экендиги билдирилди.

Кабрера ошондой эле демонстрациялардагы бардык зомбулук аракеттерди токтотууга чакырды.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар